Кыргызстанда бир жумада мас абалында унаа башкарган 193 айдоочу аныкталды

 Кыргызстанда бир жумада мас абалында унаа башкарган 193 айдоочу аныкталды

Кыргызстанда 15-июлдан 21-июлга чейинки бир жума аралыгында алдын ала маалымат боюнча, 21 миң 86 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

 

тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 459;

мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 193;

авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 55;

жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 815;

транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 364;

авто ээнбаштык — 12;

белгиленген ылдамдыктан ашуу — 5239;

жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 1;

башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 10 миң 948;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 820 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

 

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост