Кыргызстанда бир жумада 290 мас айдоочу аныкталды

 Кыргызстанда бир жумада 290 мас айдоочу аныкталды

Алдын ала маалымат боюнча, 11-августтан  17-августка чейин 22 294 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 893;
  • мас абалында унаа башкаруу – 290;
  • унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 170;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 845;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 937;
  • авто ээнбаштык – 49;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 454;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 2;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 527;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 097  унаа айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост