Кыргызстанда бир жумада 267 мас айдоочу кармалды

 Кыргызстанда бир жумада 267 мас айдоочу кармалды

Кыргызстанда бир жумада 17 миң 391 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан билдиришти.

Алсак:

– жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу – 3 519;

– документи жок унаа башкаруу – 203;

– транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 5 151;

– инспекторлордун автоунааны токтотуу боюнча талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 15;

– автоээнбаштык – 8;

– жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 1010;

– жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 5 256;

– айдоочунун маңдайкы терезеси жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал терезелери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 47;

– мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн – 267. Унаа токтотуучу жайга 875 автоунаа токтотулган.

Связанный пост