Кыргызстанда бир жумада 19,7 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстанда 13-майдан 19-майга чейин алдын ала маалымат боюнча, 19 миң 779 жол эрежесн бузуу фактысы катталган.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 327;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 210;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 54;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 810;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 мин 78;
- авто ээнбаштык — 4;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу — 4 миң 200;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 2;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 11 миң 94;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 437 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.