Кыргызстанда бир жума ичинде КРВИ жана сасык тумоонун 4,7 миңге чукул учуру катталды
Кыргызстанда бир жума ичинде КРВИ жана сасык тумоонун 4,7 миңге чукул учуру катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.
Ыкчам маалыматка ылайык, 2024-жылдын 17-жумасында (22.04-28.04.24-ж.) республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 4698 учуру катталды. Бул өткөн аптага салыштырмалуу 6,6% көп. Ооругандардын ичинен 71,4%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт.
Ошол эле убакта COVID-19 инфекциясынын 3 учуру катталган: Бишкекте – 1, Ошто – 2.
Республика боюнча сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19 оорусуна мониторинг жүргүзүү улантылууда, эпидемиологиялык абал көзөмөлдө.