Кыргызстанда бир түндө жол эрежесин одоно бузган 3 миңден ашык факты катталды
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 26-ноябрдан 27-ноябрга караган түнү өлкө аймагында жол коопсуздугу жаатында рейд өткөрүлдү.
Башкармалыктын маалыматына ылайык, рейд учурунда жол эрежелерин одоно бузган 3 миң 52 айдоочу аныкталды.
Анын ичинен:
- мас абалында унаа башкарган 47 айдоочу;
- тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 140 айдоочу;
- ылдамдыкты ашырып айдаган 466 айдоочу;
- каршы тилкеге чыгып унаа башкарган 24 айдоочу;
Ошондой эле 305 авто унаа одоно жол эрежелерин бузгандыгы үчун айып короо жайына токтотулду.