Кыргызстанда бир аптада 20,2 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

 Кыргызстанда бир аптада 20,2 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстанда 29-июлдан 4-августка чейин 20 миң 245 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

 

Анын ичинен:

 

Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-482;

Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -200;

Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-53;

Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1173;

Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3170;

Авто ээнбаштык – 12;

Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4280;

Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 1;

Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 311;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1605 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

 

ИИМдин ЖКККББы эгерде жол эреже бузуу фактысына күбө болсоңуз (0777) 102-102 ишеним номерине жөнөтүп койсо болоорун эскертет.

Связанный пост