Кыргызстанда балык тоютун импорттоого чектөө киргизилет
Кыргызстанда балык тоюттарын импорттоого 2026-жылдын 10-сентябрынан тартып алты айлык мөөнөткө убактылуу чектөө киргизилет.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул чара ата мекендик балык тоюттарын өндүрүүнү колдоо, аквакультура тармагын өнүктүрүү жана ички рыноктун импорттук продукцияга көз карандылыгын азайтуу максатында кабыл алынууда.
“Учурда өлкөдө балык тоюттарын өндүргөн төрт завод иштеп, жылына 70 миң тоннага чейин продукция чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар”, – деп айтылат маалыматта.
Тиешелүү токтом 10-сентябрдан тартып күчүнө кирет.