Кыргызстанда балдарга арналган “Амантай жана Айтуяк” аталыштагы кыргызча мультфильм чыгат

 Кыргызстанда балдарга арналган “Амантай жана Айтуяк” аталыштагы кыргызча мультфильм чыгат
Кыргызстанда жакында балдарга арналган “Амантай жана Айтуяк” аталыштагы кыргызча мультфильм чыгат. Бул тууралуу КРнин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Мультфильмде Амантай менен асмандан түшкөн Айтуяк экөөнүн кызыктуу окуялары баяндалат. Тасма 7 сериядан турат.
– режиссеру — Айбек Дайырбеков;
– сценарийдин автору — Токтобек Үсөнов;
– башкы сүрөтчү — Кебек уулу Нурлан;
– супервайзер — Канат Ногойбаев.
Учурда анимациялык тасманын тартуу иштери уланууда. Башкы максат — кыргыз тилин өнүктүрүү болуп саналат.
Мультфильм “Кыргызфильм” киностудиясы жана “Карек балдар киносунун фонду” менен биргеликте тартылууда.

Связанный пост