Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу арзан

 Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу арзан

 Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу арзан. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Министрлик тарабынан өткөн аптага карата Россия, Казакстан сыяктуу чет өлкөлөр менен Кыргызстандагы азык-түлүккө, атап айтканда нан азыктары, картошка, жашылча-жемиш, мөмө-жемиш, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы жана башкаларга болгон бааларга салыштырмалуу мониторинги жүргүзүлдү.

Мониторингтин жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда 1-сорттогу бууудай уну (жергиликүү) 1,4 %, өсүмдүк майы 1,4 %, төмөндөсө, сабиз 8,7 %, пияз 2,6 %, картошка 1,6% жогорулаган.

Ал эми Казакстанда нан азыктары 1,4 %, өсүмдүк майы 1,9 %, жогоруласа, картошка 2,8 %, төмөндөгөн.

Россияда сабиздин баасы 0,1 % жогоруласа, картошка 2,9 %, кумшекер 1,5 %, жергиликтүү 1-сорттогу буудай 1,6 % төмөндөгөнү байкалган.

Связанный пост