Кыргызстанда aзык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу илим-изилдөө институту түзүлөт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңештин жыйыны өттү.

 

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар өнөр жай тармактарынын, анын ичинде дан эгиндеринин жана кант кызылчасынын абалына байланышкан орчундуу маселелерге токтолушуп, мал чарбасындагы жетишкендиктерди жана кыйынчылыктарды белгилешти.

 

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдө 9 негизги социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарлары бекитилип, анын 7си ички өндүрүштүн эсебинен толук камсыздалганын баса белгиледи.

 

Тиешелүү мамлекеттик органдын маалыматына ылайык, 2024-жылдын январь-июль айларына карата өзүн-өзү камсыздоонун деңгээли төмөндөгүдөй:

 

– Нан азыктары – 86,5%

 

– Картошка – 162,8%

 

– Жашылча-жемиштер – 159,0%

 

– Эт – 79,1%

 

– Сүт – 116,3%

 

– Кант – 49,2%

 

– Жумуртка – 71,4%

 

– Өсүмдүк майы – 48,5%

Ошондой эле калктын муктаждыктарына байланыштуу жаңы түшүмгө чейин калктын өзүн-өзү камсыз кылуу пайызы төмөндөп кетиши мүмкүн экени айтылды. Буга байланыштуу МинКаб төрагасынын орун басары айыл чарба өндүрүшүн колдоо жана жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү стимулдаштыруу боюнча кошумча чараларды көрүүнү тапшырды.

 

Мындан тышкары, Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу илим-изилдөө институту түзүлгөнүн билдирди. Бул мекеме, МинКаб башчысынын орун басарынын айтымында, өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга жардам бере турган билимдин жана инновациянын борборуна айланат.

 

«Бүгүн биз институттун курамын жана кызмат ордун бекитебиз. Ал биздин агроөнөр жай саясатыбыздын өнүгүшүн жаңы этабы болуп калаарына ишенем. Кыргызстандын ар бир жараны сапаттуу жана коопсуз тамак-ашка жетүүсү үчүн баарыбыз биргеликте аракет кылышыбыз керек. Бул биздин жалпы милдетибиз», – деди Бакыт Төрөбаев.

 

Ал кошумчалагандай, институтту түзүү агрономия жана ветеринария тармагында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө гана эмес, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү технологияларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаны киргизүү үчүн эл аралык уюмдар жана илимий мекемелер менен активдүү кызматташуу пландаштырылууда.

 

Кеңештин отуруму өлкөнүн өзүн-өзү камсыздоо деңгээлин жогорулатуу жана айыл чарбасында туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча мындан аркы кадамдар боюнча сунуштарды иштеп чыгуу менен аяктады.

Связанный пост