Кыргызстанда Аял-прокурорлордун ассоциациясы түзүлдү

 Кыргызстанда Аял-прокурорлордун ассоциациясы түзүлдү

Кыргызстанда Аял-прокурорлордун ассоциациясы түзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Мындай ассоциация өлкө тарыхында биринчи ирет түзүлүп жатат.

 

Аны түзүүнүн негизги максаты — аял-прокурорлордун укуктарын жана кызыкчылыктарын колдоо, коргоо, өкүлчүлүк кылуу жана мыйзамдуулукту чыңдоодо, адам укуктарынын сакталышын камсыз кылууда аял-прокурорлордун ролун жогорулатуу болуп эсептелет.

Связанный пост