Кыргызстанда акыркы жумада эреже бузган 152 мас айдоочу аныкталды

 Кыргызстанда акыркы жумада эреже бузган 152 мас айдоочу аныкталды

Кыргызстанда 14-октябрдан 20-октябрга чейинки бир жума аралыгында алдын ала маалымат боюнча, 18 366 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

 

тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 466;

мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 152;

авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 64;

жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 322;

транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 930;

авто ээнбаштык – 18;

белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 856;

жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 5;

башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 553;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 835 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

 

ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Связанный пост