Кыргызстанда акыркы үч жылда 189 мектеп курулуп, 43ү капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

 Кыргызстанда акыркы үч жылда 189 мектеп курулуп, 43ү капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

Акыркы үч жылдын ичинде Кыргызстанда жалпы 189 мектеп курулуп, 43 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Маалыматта аталган билим уялары республикалык бюджеттен жана ар кандай фонд, уюм, булактардын эсебинен каржылангандыгы айтылат.

Мындан сырткары, 4 мектепке кошумча имарат салынып, 9 мектепке кошумча спорт залдар курулду.

Ведомстводон 2021-2022-2023-жылдардагы мектептердин курулуш динамикасын сунушташты:

2021-жылы  32 мектеп курулуп, 2 мектепке кошумча имарат салынып, 11 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн. Ал эми 6 мектепке кошумча спорт залдар курулган.

2022-жылы — 34 мектеп салынып, 1 мектепке кошумча имарат, 1 мектепке отказан, 1 мектепке ашкана жана жатакана курулуп, 2 мектепке кошумча спорт залдар салынган. Ошондой эле 13 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн.

2023-жылы — республикалык бюджеттен жана ар кандай фонд, уюм, булактардын эсебинен 123 мектеп курулуп, 1 мектепке кошумча имарат салынды. Буга кошумча республикалык бюджеттен 19 мектепке капиталдык оңдоп-түзөө жүргүзүлдү.

Министрликтен 2023-жылы эң көп мектеп пайдаланууга берилгендигин кошумчалашты.

Облустар боюнча жаңы салынган жана капиталдык оңдоодон өткөн мектептерди кошкондо :

  • Ош облусунда жана Ош шаарында – 34 мектеп,
  • Жалал-Абад облусунда – 35 мектеп,
  • Баткен облусунда – 21 мектеп,
  • Ысык-Көл облусунда – 17 мектеп,
  • Чүй облусунда – 18 мектеп,
  • Талас облусунда – 11 мектеп,
  • Нарын облусунда – 7 мектеп пайдаланууга берилди.

Связанный пост