Кыргызстанда 90 миң адам кант диабети менен жабыркайт

Кыргызстанда кант диабети менен жабыркап, расмий катталгандардын саны 90 миң адамды түзөт. Бул тууралуу С. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун эндокринология боюнча профессордук курстун ассистенти Назгүл Абылова радилордун бирине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул жугуштуу оору эмес болсо дагы, көп тараган дарттардын катарын толуктайт. Бүт органдарды жабыркаткан олуттуу оору. Дароо аныкталбаса жана дарыланбаса майыптыкка чейин алып келет.
“Ал эми расмий катталбагандардын саны 200-250 миңге жетет. Кант диабетин менен жабыр тарткандар көбү өздөрү билбей жүрө беришет. Биз адам инфаркт, инсульт болуп ооруп калганда гана адамдын кант диабети менен ооруганын билип жатабыз”,-деди ал.
Абылова ошондой эле бүгүнкү күндө аял кош бойлуу кезинде кездешкен кант диабети өсүп жатканын белгиледи.
“Кант диабеттин өсүшүнө учурда аз кыймылдуулук, майлуу тамак-аш, экологиялык жактан табийгый эмес продуктулар жана ашыкча салмактуулук себеп болууда”,-деди ал.