Кыргызстанда 73 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө уникалдуу операция жасалды
Кыргызстанда 73 жаштагы бейтапка жүрөктүн аорталдык клапанын имплантациялоо боюнча уникалдуу операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Операция октябрь айынын башында Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда жасалган. Анда 73 жаштагы абалы өтө оор бейтапка аорталдык клапанды транскатетер аркылуу имплантациялоо (ТАВИ) боюнча жогорку технологиялуу уникалдуу операция ийгиликтүү аткарылды.
Бейтапка “Критикалык аорталык стеноз жана жетишсиздик, митралдык жана трикуспиддик клапандардын III даражадагы жетишсиздиги” деген диагноз коюлган. Эхокардиографиянын жыйынтыгы боюнча жүрөктүн чыгаруу фракциясы болгону 26 пайызга түзүп, бул өтө оор жүрөк жетишсиздигин көрсөтүп турган.
Буга чейин ал Новосибирск шаарындагы академик Мешалкин атындагы клиникада консультациядан өткөн. Ал жерде ашказандын жара оорусуна жана кан кетүү коркунучунун жогору болушуна байланыштуу кошумча дарылоо сунушталган. Бирок дарылануу учурунда бейтаптын абалы кескин начарлап, аны ташып жеткирүү мүмкүн болбогондуктан, ал Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо институтуна жаткырылган.
Операция медицина илимдеринин доктору, эндоваскулярдык хирургия боюнча илимий-изилдөө бөлүмүнүн башчысы Олег Крестьянинов жана кыргыз хирургдарынын командасы — рентгенхирургия жана курч коронардык синдром бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин кандидаты Абай Турдубаевдин жетекчилиги астында биргелешип жүргүзүштү.
Операция маалында бейтаптын жамбаш артериясы аркылуу жаңы муундагы аорталдык клапан орнотулган.
Адистердин айтымында, бул учурдун уникалдуулугу — операция абалы өтө оор бейтапка жасалганында: жүрөктүн чыгаруу фракциясы өтө төмөн, , байкаларлык шишиктер, өпкөдө токтоп калган кан айлануу белгилери жана курсагында операциядан кийинки грыжасы болгон.
Бардык тобокелдиктерге карабастан, операция ийгиликтүү аяктады.
Бүгүн, операциядан эки жума өткөн соң, бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда, ал үйүнө чыгарылып, дарыгерлердин амбулатордук көзөмөлүнө алынат.
Бул операция Кыргызстанда жогорку технологиялуу кардиохирургиянын өнүгүп жаткандыгын жана буга чейин чет өлкөдө гана жасалып келген татаал операцияларды азыр өлкө ичинде да ийгиликтүү жүргүзүүгө мүмкүн экендигин дагы бир ирет тастыктады.