Кыргызстанда 5-октябрдан тартып нан бааларына убактылуу жөнгө салуу киргизилет
Кыргызстанда 5-октябрдан тартып нан бааларына убактылуу жөнгө салуу киргизилет. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы маалымдады.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы №455 ”Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекетгик жөнгө салуу жөнүндө” токтомуна ылайык Социалдык маанидеги нанга жана нан азыктарына баанын өсүшүнө жол бербөө, нандын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрьндагы №250 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобого ылайык, 2023-жылдын 5-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында 90 күндүк мөөнөткө 1- сорттогу буудай унунан жасалган нан (бөлкө нан) нан азыктарына (тандыр нан) бааларына убактылуу мамлекетгик жөнгө салуу киргизилди.