Кыргызстанда 40 бала омуртка булчуңдарынын атрофиясы оорусу менен жабыркайт

Кыргызстанда омуртка булчуңдарынын атрофиясы (СМА) диагнозу коюлган 40 бала катталган. Бул тууралуу балдар неврологу жана фармаколог дарыгерлер Бишкектеги маалымат жыйынында билдиришти.
Алардын айтымында, бул балдардын ичинен ичинен 6 бала оорунун эң татаал болгон биринчи тобу менен ооруйт.
Балдар неврологу, жогорку категориядагы дарыгер Нурмухамед Бабажановдун айтымында, алардын экөө бир жашка чейинки, төртөө бир жаштан жогорку курактагы балдар. Ал эми калган бейтаптар 2 жаштан 16 жашка чейинкилер.
“Көптөр бул оорулар жакынкы жылдары гана пайда болгон деп ойлошот. Бирок, алар дайыма болуп келген, болгону мурда ага башка диагноз коюлган. Көбүнчө бул оору менен ооруган балдарга балдардын церебралдык шал оорусу (ДЦП) диагнозун коюшат. Ушул айда биз 6 айлык дагы төрт балага СМА диагнозун койдук. Бардыгы болуп бизде СМА диагнозу коюлган 40 бейтап болду”, – деди ал.
КР Саламаттык сактоо министрлигинин башкы фармакологу Аида Зардинованын айтымында, СМА ооруларына каршы дары-дармектердин үч түрү колдонулат: Золгенсма, Рисдиплам жана Нусинерсен. Биринчи тобуна Золгенсма каражаты колдонулат. Бул дары каражатын 2 жашка чейинки дене салмагы 13 кг ашпаган балдар колдонушат. СМАнын 2-3-4-тобуна үчүн Рисдиплам дарысы колдонулат.
“Рисдиплам абдан ыңгайлуу, анткени ал суюк формада колдонулат. Эгер ата-энелерге дарыны колдонууну үйрөтсөк, алар өздөрү балдарга бере алышат”, – деди Аида Зардинова.