Кыргызстанда 4 миңден ашык адам бөйрөк оорусу менен жабыркайт

 Кыргызстанда 4 миңден ашык адам бөйрөк оорусу менен жабыркайт

Өлкөдө бөйрөк оорусунан жабыркаган бейтаптардын саны 4 миңден ашуун. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты бөлүмүнүн башчысы Нургүл Ибраева билдирди.

Анын айтымында, негизи бөйрөк өзүнүн функциясын аткарбай, 5-тепкичтеги өнөкөт бөйрөк оорусу менен жабыркаган бейтаптар көп. Бул бейтаптардын баары бөйрөктөрү өзүнүн функциясын аткарбай калганда гемодиализ алышат.

“Бүгүнкү күндө өлкөдө гемодиализ кызматын алган жеке менчик жана мамлекеттик ооруканалардагы бейтаптардын саны 4 миңден ашуун. Булардын баары бөйрөк алмаштыруу операциясына муктаж.

Мурун мамлекеттин көмөгү менен гемодиализ алуу үчүн бейтаптар узак убакыт күтүшчү. Бүгүнкү күндө бул кезек жок. Ар бир жуманын үчүнчү күнү бизде комиссиялык отурум болот. Бир жуманын ичиндеги гемодиализ ала турган бейтаптардын арыздарын чогултуп алабыз. Отурумда биз комиссиянын чечими менен ал бейтапты гемодиализге өткөрөбүз. Бир жуманын ичинде 15ке жакын, жылына 350гө жакын бөйрөк оорусу менен жабыркаган бейтап гемодиализге өтөт. Гемодиализ дагы акысыз”,-деди ал.

Связанный пост