Кыргызстанда 4 айда 30 млрд сомдук азык-түлүк, суусундук жана тамеки өндүрүлдү

Кыргызстанда 4 айда 30 млрд сомдук азык-түлүк, суусундук жана тамеки өндүрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, республиканын кайра иштетүүчү өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүндө тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктар жана тамеки өндүрүү боюнча ишканалардын үлүшү отчёттук мезгилде 19,6 пайызды түздү.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2025-жылдын январь-апрель айларында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү өнөр-жай ишканалары тарабынан учурдагы баа менен 30 млрд 283,8 млн сом көлөмүндө тамак-аш азыктары, ага кирген суусундуктар жана тамеки өндүрүлгөн, физикалык көлөмдүн индекси – 163,5 пайызды түздү.
2024-жылдын январь-апрель айларында бул көрсөткүч 23 млрд 496,8 млн сомду түзүп, физикалык көлөмдүн индекси – 118,1 % болгон. Натыйжада 2025-жылы өндүрүш көлөмүнүн олуттуу өсүшүн көрүүгө болот.