Кыргызстанда 308 миңден ашык жаран мамлекеттик жөлөкпул алышат

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-майына карата Кыргыз Республикасында мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын жалпы саны 308,4 миң адамды түздү. Анын ичинен 196,4 миң балдар “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун, ал эми 112,0 миң адам ай сайынкы социалдык жөлөкпул алышууда.
Республика боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү төмөндөгүнү түздү:
• “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу –1 411,3 сом,
• Ай сайынкы социалдык жөлөкпулу – 6 306,3 сом.
«Жөлөкпулдарды төлөө мамлекеттин социалдык милдеттенмелерине ылайык жүргүзүлүп, калктын эң муктаж катмарына колдоо көрсөтүү максатында багытталган», – деп билдиришти Министрликтен.