Кыргызстанда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
![Кыргызстанда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2023/03/15994650335f55e6496ef2b5.31036982-850x548.jpg)
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 21-март күнү, саат 22:47де Афганистан Республикасынын аймагында очогунда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Кыргызстандын Ош облусу, Жалал-Абад облусу жана Баткен облусунда 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.