Кыргызстанда 215 миңден ашуун санарип аттестат берилди

 Кыргызстанда 215 миңден ашуун санарип аттестат берилди

Кыргызстанда мектептик билим берүү системасын кеңири санариптештирүү иштери уланууда. Бул багыттагы негизги кадамдардын бири — санарип аттестаттарды киргизүү. Бул тууралуу агартуу министринин санариптештирүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева билдирди.

Учурда 2000-жылдан бери берилген аттестаттардын архивин санариптештирүү иштери активдүү жүрүп жатат. Самыкбаеванын айтымында, бул ишти кагаз архивдери сакталып калган мектептер өздөрү жүргүзүшүүдө. Маалыматтардын так идентификациясына өзгөчө көңүл бурулууда. Бул үчүн бүтүрүүчүнүн жеке идентификациялык номерин (ЖИН) фамилиясы жана туулган күнү боюнча табууга мүмкүндүк берген жаңы сервис колдонулат. Мурда аттестаттарда ЖИН көрсөтүлчү эмес, эми документтин санарип версиясын “Түндүк” тиркемесиндеги “Санарип документтер” бөлүмүнө чыгарууга шарт түзүлдү.

Өткөн жылдан тартып бүтүрүүчүлөрдүн маалыматтары мектептер тарабынан “Күбөлүк” электрондук системасына түз киргизилип жатат. Андан соң ушул маалыматтардын негизинде санарип аттестаттар “Түндүк” мобилдик тиркемесинде түзүлөт. Быйыл рекорддук көрсөткүчтөр катталууда: 215 миңден ашуун санарип аттестат – бул өткөн жылга салыштырмалуу 12 миңге көп. Алардын ичинен болжол менен 135 миңи – 9-класстын, ал эми 80 миңден ашыгы – 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө таандык.

Бул иштер “Учкун” басмаканасы менен тыгыз кызматташтыкта жүрүп жатат. Учурда басмаканада аттестаттарды массалык басып чыгаруу башталган. Бардык аттестаттар июнь айынын аягына чейин даярдалып, бүтүрүүчүлөргө берилет. Санарип жана кагаз түрүндөгү аттестаттар бири-бирине толук дал келет, анткени маалыматтар түз эле система аркылуу алынат, анда экзамендерди кошкондо, бардык баалар мурунтан эле киргизилген.

Мындай ыкма процессти кыйла жөнөкөйлөттү. Бир нече жыл мурун мектептер аттестаттарды март айынан тартып даярдай башташчу, ал эми баалар кол менен толтурулчу. Азыр болсо маалыматтар окуу жылы бүткөндөн кийин басмаканага жөнөтүлөт жана бүт процесс мурдагыга караганда кыйла аз убакытты талап кылат. Эгер мурда маалыматтарды топтоо жана жөнөтүү 3-4 айга созулса, азыр бир айдан да аз убакыт талап кылынат.

Аттестаттарды калыбына келтирүү тартиби да өзгөрдү. Мурун документ жоголсо, бүтүрүүчү министрликке кайрылып, ал эми министрлик районго, район мектепке өтүнмө жөнөтчү. Бул процесс жарым жылга, айрым учурда андан да көпкө созулчу. Азыр болсо баары кыйла жеңилдеди: эгер санарип аттестат базада бар болсо, “Учкун” басмаканасы жөнөтүлгөн сурамдын негизинде тиешелүү белги менен дубликатты басып берет.

Маанилүү жагдай — бардык санарип документтер, анын ичинде аттестаттар да, Кыргызстандын аймагында расмий документ деп таанылган. Бул – аларды ЖОЖдорго тапшырууда, мамлекеттик мекемелерде жана башка структураларда колдонсо болот дегенди түшүндүрөт. Кагаз түрүндөгү документти негизинен чет өлкөгө окууга тапшырууну көздөгөндөр талап кылышат — бирок азыр мындай учурларда да дубликатты даярдоо бир топ кыска убакытты талап кылат.

Ар бир санарип аттестат уникалдуу QR-кодду камтыйт — анын жардамы менен каалаган ЖОЖ, же мамлекеттик орган документтин чыныгы экенин онлайн текшере алат. Бул — жасалмалоолордон жана катачылыктардан кошумча коргоо.

Лира Самыкбаева белгилегендей, санарип аттестатты киргизүү — Кыргызстандагы билим берүү системасын кеңири санариптик трансформациялоонун бир бөлүгү болуп саналат. Санариптештирүү билим берүүнү жеткиликтүү гана эмес, заманбап, ачык жана ишенимдүү кылат.

Связанный пост