Кыргызстанда 11 айда 60,3 миңден ашуун жаранга пенсия чектелди

 Кыргызстанда 11 айда 60,3 миңден ашуун жаранга пенсия чектелди

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2024-жылдын январь-ноябрь айларында 60345 жаранга пенсия чектеди.

 

Ошонун ичинде 2024-жылы ноябрь айында 9946 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 2823 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.

Связанный пост