Кыргызстанда 10 миң ишкерге 6,6 млрд сомго пайызсыз насыя берилди
“Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо” долбоорунун алкагында 9 миң 715 ишкерге 6 млрд 671 млн 898 миң 917 сомго пайызсыз насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ишкерлерге насыялар 2 категория боюнча берилген. Биринчи категориядагылар 1 млн сомго чейин, экинчи категориядагылар 3 млн сомго чейин алган.
– 1-категория: 8 миң 478 ишкерге 4 млрд 816 млн 019 миң 917 сом;
– 2-категория: 1214 ишкерге 1 млрд 855 млн 879 миң сом берилген.
Министрликтен белгилешкендей, аталган долбоор Кыргызстандын аймагында 2027-жылдын июль айына чейин ишке ашырылат.