Кыргызстан жана Түркия трансплантология тармагындагы кызматташтыкты чыңдоодо

Бүгүн  Р. Т. Эрдоган атындагы кыргыз-түрк достук ооруканасында Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Түркиянын Саламаттык сактоо министринин орун басары Нуруллах Окумуш менен жолугушту. Түркиялык делегация Кыргызстанга расмий визит менен келген.

Жолугушууда тараптар мурда эки өлкө өкмөттөрү кол койгон келишимдердин алкагында саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин, өзгөчө трансплантация жана заманбап дарылоо ыкмаларын Кыргызстанда киргизүү боюнча маселелерди талкуулашты.
Айрыкча улуттук кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев негизги максат — биргелешкен операцияларды гана өткөрүү эмес, трансплантология боюнча адистерди даярдоо экенин белгиледи

Связанный пост