Кыргызстан жакырчылыкты жоюу боюнча глобалдык альянсты колдойт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Катар мамлекетинин борбору Доха шаарында өтүп жаткан II Бүткүл дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитинин ачылыш аземине катышты.

Кыргыз делегациясынын курамында билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев дагы ,бар.

Саммитке мамлекет жана өкмөт башчылары, эл аралык уюмдардын жетекчилери, жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү жакырчылыкты жоюу, ачкачылык менен күрөшүү жана социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу боюнча глобалдык аракеттерди талкуулоо үчүн чогулушту.

Ачылыш аземинде БУУнун Башкы ассамблеясынын төрагасы, Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы, кабыл алуучу өлкө катары Катар эмири, ошондой эле БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңешинин төрагасы куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Өз сөзүндө Эдил Байсалов Кыргызстан Ачкачылыкты жана жакырчылыкты жоюу боюнча глобалдык альянстын максаттарын колдой турганын жана билим берүү, саламаттык сактоо жана калктын социалдык жактан коргоо тармагында масштабдуу реформаларды ырааттуу түрдө ишке ашырып жатканын белгиледи.

Саммиттин жыйынтыгында БУУга мүчө мамлекеттердин социалдык саясатты күчөтүү, билим берүүгө жана саламаттык сактоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, ошондой эле туруктуу өнүгүү үчүн ресурстарды мобилизациялоо боюнча жамааттык милдеттенмелерин чагылдырган Саясий декларацияны кабыл алуу пландаштырылууда.

Связанный пост