Кыргызстан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн туристтери үчүн визасыз режим киргизди
Кыргызстан 2025-жылдын 4-январынан тартып Сауд Аравия Падышачылыгы, Бириккен Араб Эмираттарынын, Катар, Кувейт мамлекеттеринин, Оман Султандыгынын жана Бахрейн Падышачылыгынын жарандары үчүн визасыз режим киргизди.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, аталган өлкөлөрдүн туристтик максатта келген жарандары Кыргызстандын аймагында 360 күндүк мөөнөттүн ичинде 180 күндүк мөөнөттө уруксат берүүчү документтерди алуусуз жүрүү укугуна ээ болушат.
Башка максаттар менен кирген учурда визиттин тиешелүү максаттарына (мисалы: эмгек ишмердигин жүргүзүү, окуу) визаларды тариздөө талап кылынарын белгилей кетүү керек.
Бул чаралар туристтик агымдарды андан ары стимулдаштырууга жана Кыргызстандын инвестициялык жана ишкердик жагымдуулугун жакшыртууга багытталган.
Толук маалымат алуу үчүн Тоголок Молдо №10 дареги боюнча министрликтин консулдук департаментине, ошондой эле +996-703-42-88-65 же +996-999-312-002 (WhatsApp) номерлери боюнча кайрылсаңыздар болот.