«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасы энергетика объектилеринде селге каршы иш-чараларды жүргүзүүдө 

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын энергетиктери жаздын келиши менен сел жүрүү коркунучунун алдын ала баштады. Суу ташкындарын болтурбоо максатында иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучун азайтат жана электр жабдууларынын зыян тартуусун алдын алат.

Планга ылайык төмөнкү иш-чаралар жүргүзүлөт:
Көмөкчордондордо:
– көмөкчордондордун айланасында дренаждык каналды куруу;
– учурдагы дренаждык жана сел каналдарын тазалоо;
– ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн кабелдик каналдарын тазалоо;
– дренаждык түтүктөрдү жана арыктарды тазалоо;
— механикалаштырылган жана кол менен казуу.

Электр линияларында:
– селди алдын алуу иш-чараларын текшерүү;
– тирөөчтөрдү коргоо жана тосуу;
– дарыянын нугун буруу;
– тирөөчтөрдү түздөө жана банкеткалоо.
Селге даярдык көрүү иштери жергиликтүү бийлик органдары, өзгөчө кырдаалдар жана өрт коопсуздугу менен тыгыз байланышта жүргүзүлүүдө.

Связанный пост