Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек араларынын кесилишүү чекитинде символикалык стела ачылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Сулаймон Зиёзода, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Ачилбай Раматов үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекитинде символикалык стеланын ачылыш аземине катышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекитиндеги символикалык стеланын ачылыш аземин – Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Тажикстан Республикасынын Худжант шаарында видео-конференц байланыш аркылуу жасашты.

Анда учкай сөз сүйлөшкөн үч мамлекеттин Өкмөт башчыларынын орун басарлары – Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекитинде символикалык стеланын ачылышы бул тарыхый окуя экенин, стелла чек ара маселелери чечилгенден кийин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын, ишенимдин жана жакшы коңшулаштыктын жаңы доорунун символун билдирээрин, чек ара маселелерин чечүү Президенттердин саясий эркинин аркасында ишке ашырылгандыгын белгилешти.

Кошумчалай кетсек, стела Кыргызстандын Баткен облусунун, Тажикстандын Согди облусунун жана Өзбекстандын Фергана облусунун аймактарында курулду.

Связанный пост