Кыргызстан түрк адистеринин катышуусунда боор алмаштыруу операциясын жасоого даярданып жатат

 Кыргызстан түрк адистеринин катышуусунда боор алмаштыруу операциясын жасоого даярданып жатат

Бүгүн, 2024-жылдын 30-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Малатия шаарындагы Түркиянын Инөнү университетине барып, боор алмаштыруу боюнча операциялардын бирине катышты.

Ал ошондой эле Түркия тарап менен Кыргызстанда боор алмаштыруу операцияларын жасоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Анестезиолог-реаниматолог, эки хирург жана медайымдан турган түрк дарыгерлер тобунун келиши күтүлүүдө. Түркияда боор трансплантациялоо боюнча окуудан өткөн жергиликтүү адистерден турган эки бригада да операция жасоого даяр.

Учурда алты бейтап жана алардын донорлору алдын ала даярдыктан өтүп, операцияны күтүп жатышат. Бишкек мамлекеттик Кыргыз-түрк достугунун ооруканасында боор алмаштыруу боюнча операцияларын жасоо пландалууда. «Кыргызстанда боорду алмаштырууга даярдык иштери аяктады. Операция жасоо үчүн керектүү жабдыктар бар, түркиялык дарыгерлер жетишпеген жабдууларды өздөрү менен кошо алып келишет. Операциялар 2024-жылдын 4-5-июнуна пландалууда», – деп белгиледи Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Связанный пост