Кыргызстан Россиянын кийимдерин тиккен алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирди

 Кыргызстан Россиянын кийимдерин тиккен алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирди

Кыргызстан россиялык кийим бренддери тигүү буйрутмаларын берген алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирди. Мындай маалыматты 2025-жылдын жазында PROfashion мода индустриясы тууралуу россиялык бизнес басылмасы жарыялагандыгын Deutsche Welle (DW) басылмасы жазды.

Маалыматта айтылгандай, лидерлердин арасында – Кытай (33,5%), Россия (28,2%), Түркия (15,3%), Беларусь (12,8%), Кыргызстан жана Вьетнам – (5,1%) бар.

“Эксперттер 2022-жылды Кыргызстандын тигүү тармагы үчүн жигердүү жыл болду деп аташат: батыштын санкцияларынын жана бир катар чет элдик бренддердин Россиядан чыгып кетишине байланыштуу кыргызстандык тигүүчүлөр Россия рыногунда бошогон орундарды ээлөөгө мүмкүнчүлүк алышты. Ошол мезгилде Кыргызстандан Россияга жеңил өнөр жай товарларын жеткирүү эки эсеге – болжол менен 200 млн АКШ долларына чейин көбөйгөн, ал эми тигилген буюмдарды экспорттоо төрт эсеге өскөн”,- деп айтылат.

Кыргызстандын “Легпром” жеңил өнөр жай ишканалары ассоциациясынын президенти Сапарбек Асанов Россия рыногу Кыргызстан үчүн стратегиялык жактан маанилүү экенин ырастаган. Анын айтымында, 2000-жылдардын башында алар тигилген продукцияларды – негизинен кийимдерди – Россияга (болжол менен 17 шаарына) жана Казакстанга (3 шаарына) расмий экспорттоону уюштура алышкан. Убакыттын өтүшү менен экспорттук товарлардын таралыш географиясы кеңейип, продукциялар Россия Федерациясынын 50дөн, Казакстандын 17ден ашык шаарларына, ошондой эле Тажикстанга, Өзбекстанга жана Түркмөнстанга жеткириле баштагандыгы айтылган.

Өз кезегинде кыргызстандык тигүүчүлөр ассоциациясынын төрайымы Дилорамкан Дүйшөбаева жергиликтүү тигүүчүлөр эмне себептен Россия үчүн кийим тиге баштаганын түшүндүргөн. Анын айтымында, мурда Россияга кийим негизинен Кытайдан алынып келинген, бирок көбүнчө суроо-талап чоң өлчөмдөгү кийимдерге болгондуктан, Кытай орус рыногунун талаптарына жооп берген эмес. Бул жагдай Кыргызстандын ишкерлерине өндүрүштү уюштурууга жана Россияга товар экспорттоону баштоого түрткү берди деп айтылат маалыматта.

Мында тигүү тармагынынэксперттери Кыргызстандын тигүү өндүрүшү Россиянын гана эмес, эл аралык рынокторду да камтышы керектигин белгилешкен.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост