Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү

Жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 11-ноябрынан 17-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында, Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Топографиялык жумушчу топтор калган участоктордогу кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук сызыгын сыпаттоо маселесин талкуулашты жана  бул ишти Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки отурумда улантууну чечишти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Жолугушуу өз ара түшүнүшүүнүн жана  достуктун алкагында өттү.

Связанный пост