Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы Автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

 Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы Автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жабдуу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 19-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Бул макулдашуу эки мамлекеттин жарандарынын тоскоолдуксуз жүрүүсүн, транспорт каражаттарынын өтүүсүн жана жүктөрүн ташууну камсыз кылууга багытталган. Макулдашуунун алкагында эки автомобиль жолун долбоорлоо жана куруу каралган, алар Макулдашуу күчүнө кирген учурдан тартып бейтарап макамына (статуска) ээ болушат:

– “Дача – Капчыгай” (“Ходжаи Аъло – Ворух”) Капчыгай калктуу конушунун чыгыш тарабын айланып өтөт;

– “Миң-Өрүк – Самаркандек” (“Ориено-Шуристон”) Сурх калктуу конушунун түндүк тарабын айланып өтөт.

“Дача – Капчыгай” (“Ходжаи Аъло – Ворух”) автомобиль жолун Тажикстан Республикасы колдонот, “Миң-Өрүк – Самаркандек” (“Ориено-Шуристон”) автомобиль жолу Кыргыз Республикасы тарабынан пайдаланылат.

Ошол эле учурда макулдашуу менен Ош – Раззаков жана Исфара – Ворух автомобиль жолдорунун кесилишин биргелешип ыңгайлаштыруу жана пайдалануу каралат, ал дагы бейтарап макамга ээ болот жана бирдей укукта пайдалануусу каралат.

Связанный пост