Кыргызстан менен Түркия саламаттык сактоо жаатындагы кызматташууну бекемдөөдө

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Окем менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда саламаттык сактоо жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Атап айтканда, 2014-жылы эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы саламаттык сактоо жана медициналык илим жаатындагы келишимдин алкагында кыргызстандык бейтаптарды Түркиядагы медициналык мекемелерге акысыз дарыланууга жөнөтүү механизмин кайра жандандыруу маселеси көтөрүлдү.

Кыргыз тарап бул механизмдин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында өтүнмөлөрдү тапшыруу, чечим кабыл алуу мөөнөттөрү жана квота берүү тартибин актуалдаштыруу боюнча түркиялык тарап менен биргеликте иш алып барууга даяр экенин билдирди.

Ошондой эле трансплантология багытындагы кызматташууну улантуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы трансплантация жаатындагы кызматташтык боюнча протоколду ишке ашыруу маанилүү экени белгиленди. Бул протоколдун алкагында операциялар Р.Т.Эрдоган атындагы кыргыз-түрк достук ооруканасында жүргүзүлөт.

Мындан сырткары, трансплантологиялык жардамга муктаждык жогору болгон Ош аймагына түрк адистерин тартуу тажрыйбасын улантуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Министр ОшМУнун алдында түзүлгөн Трансплантация борборунун ишин уюштурууда көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүнкү күндө аталган борбордо Түркияда окуп келген 16 адис эмгектенип жатканын белгиледи.

“Биз Түркия менен Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы стратегиялык өнөктөштүктү жогору баалайбыз. Кыргыз тараптын бардык сунуштары кылдат иликтенип, Анкарада тиешелүү мекемелерге жеткирилет. Биздин кызматташтык достук жана бир туугандык маанайда мындан ары да өнүгө берет деп ишенем”, — деди Түркиянын элчиси.

Эркин Чечейбаевдин айтымында, Түркия менен өнөктөштүк Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. “Жарандарды дарыланууга жөнөтүү жана трансплантологиялык жардамды өнүктүрүү жаатындагы көп жылдык колдоо үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бүгүнкү жолугушуу кызматташууну бекемдөө жана жаңы нукта өнүктүрүү боюнча эки тараптын тең кызыкдарлыгын дагы бир жолу тастыктады”, -деди ал.

Связанный пост