Кыргызстан менен түрк компаниясы ГЭС куруу боюнча 10 млрд долларлык келишимге кол койду

Кыргызстандын министрлер кабинети менен Түркиянын “Ихлас Холдинг” энергетикалык компаниясы жалпы суммасы 10 млрд долларды түзгөн 2 ГЭС куруу боюнча жыйынтыктоочу келишимдерге кол коюшту.
Түркия порталы маалымдагандай, документтерге Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен “Ихлас Холдингдин” стратегиялык туунду компаниясы — Orta Asya инвестициялык холдингинин төрагасы Ахмет Мүжахид Өрен кол коюшту.
Макулдашуулар эки ГЭСти — кубаттуулугу 912 МВт болгон Казарман ГЭСин жана 1305 МВт Көкөмерен ГЭСин курууну камтыйт.
Макулдашуунун негизги шарттары:
ишке ашыруу модели — куруу-иштетүү-өткөрүп берүү;
20 жылдык электр энергиясын иштетүүгө жана сатып алууга мамлекет тарабынан кепилдик;
валюталык тариф боюнча сатып алуу;
мамлекеттик кепилдик жана эл аралык арбитраж;
инвесторлор үчүн салыктык жана бажылык жеңилдетүүлөр.
Эки объекттин жалпы кубаттуулугу 2217 МВт түзөт. Долбоорлорду ишке ашыруу ички суроо-талапты жабууга, энергетикалык көз карандысыздыкты бекемдөөгө жана өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Долбоорлор боюнча алдын ала макулдашуулар 2024-жылдын ноябрь айында Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде президенттер Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдогандын катышуусунда жетишилген.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев белгилегендей, бул долбоорлор Кыргызстандын энергетикасын өнүктүрүүдө “жаңы этап” болуп саналат. Анын айтымында, реформалардын жана инвестициялардын аркасында өлкө электр энергиясынын өнөкөт тартыштыгынан чыга алды.
Белгиленгендей, Казарман жана Көкөмерен ГЭСтери ички рыноктун өндүрүш булагы гана болбостон, Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Пакистанды байланыштырган энергетикалык коридорлордун негизги элементтери болмокчу. Эксперттердин баамында, долбоорлор Борбор Азиянын энергетика тармагындагы күчтөрдүн балансын өзгөртүшү мүмкүн.