Кыргызстан менен Сент-Люсиянын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду

 Кыргызстан менен Сент-Люсиянын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду

2023-жылдын 20-сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Сент-Люсия Эл аралык соода жана жарандык авиация министри Альва Романус Батиста Кыргыз Республикасы менен Сент-Люсия ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюшту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилери Кыргыз Республикасы менен Сент-Люсия ортосундагы эки тараптуу деңгээлде жана эл аралык уюмдардын, биринчи кезекте БУУнун алкагында кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана өз ара аракеттенүүнү орнотууга көмөктөшүүгө өз ара ниеттерин билдиришти.

Связанный пост