Кыргызстан менен Кытайдын транспорт тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Кытайдын транспорт министри Лю Вэй менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу “Борбор Азия – Кытай” форматындагы транспорт министрлеринин 2-жыйынынын алкагында өттү.
Министр Сыргабаев Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жүк ташуунун көлөмү жылдан жылга өсүп жаткандыгын белгилеп, кошумча уруксат кагаздарын алмашууну сунуштады.
Мындан тышкары, жолугушууда эки тараптуу эл аралык автомобилдик ташуулар тууралуу келишимди иштеп чыгуунун абалы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууда жаралаган кыйынчылыктар ачык талкууланды.
Өз кезегинде Кытайдын транспорт министри Лю Вэй кыргыз тарап демилгелеген маселелерди түшүнүү менен кабыл алып, аларды чечүү үчүн тийиштүү аракеттерди жасарын билдирди.
Жолугушуу достук маанайда өттү.