Кыргызстан менен Кытайдын чек ара пункттары күнү-түнү иштөөгө өтөт
Кыргызстан менен Кытай чек ара пункттарын күнү-түнү иштөөгө өткөрүүнү макулдашты. Бул тууралуу 21-майда “Борбор Азия – Кытай” бажы кызматтарынын жетекчилеринин II жолугушусунун алкагында КР Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын министри Суй Мэйцзюндун эки тараптуу жолугушуусунда айтылды.
Бажы кызматынан билдиришкендей, тараптар өткөрүү пункттарынын дараметин жогорулатуу, тобокелдиктер жана мыйзам бузуулар боюнча маалымат алмашуу, соода маалыматын биргелешип талдоо, “жашыл коридор” механизмин колдонууну кеңейтүү боюнча маанилүү маселелерди талкуулашты.
Ошондой эле кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” чек ара пункттарын бара-бара күнү-түнү иштөө режимине өткөрүү боюнча макулдашуу жетишилди. Биринчи этапта “Эркечтам” өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан чек ара пункттарынын ишин кайра кароону уюштуруу пландаштырылууда.
Белгиленгендей, “Смарт бажы” концепциясынын алкагында жол-жоболорду санариптештирүү, тажрыйба алмашуу, ошондой эле чек ара инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.