Кыргызстан менен Кытай коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты күчөтөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Жумгалбек Шабданбеков Кытайдын коомдук коопсуздук министри Ван Сяохунду кабыл алды.

УКМКдан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө терроризмге, диний экстремизмге, экономикалык кылмыштарга жана киберкоркунучтарга каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтыкты ырааттуу түрдө күчөтүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Тараптар аймактык өз ара байланышты жана экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууда өзгөчө мааниге ээ болгон “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол магистралын куруу сыяктуу бир катар стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукту жоюу, коррупциялык схемаларды демонтаждоо жана көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартуу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин башчысына маалымат берип, Жумгалбек Шабданбеков Кыргызстандагы кытайлык инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишенимдүү коргоону камсыз кылууга даяр экенин ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүнү улантууга жана коопсуздукту чыңдоого багытталган бир катар практикалык чараларды ишке ашырууга макулдашты.

Связанный пост