Кыргызстан менен Корея бажы тармагындагы кызматташтыкты тереңдетет
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Квандже менен жолугушту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда бажы тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде бажы жол-жоболорун санариптештирүү, электрондук документ жүгүртүүнү ишке ашыруу жана маалыматтык системаларды модернизациялоо маселелери талкууланды.
Тараптар практикалык багыттагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана бажылык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана өз ара соода үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында алар өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өз ара даяр экендиктерин ырасташты.