Кыргызстан менен Канаданын консулдук тармактагы кызматташтыгы талкууланды

 Кыргызстан менен Канаданын консулдук тармактагы кызматташтыгы талкууланды

Россиянын Сахалин облусунда кармалган кыргызстандыктын жакындарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти

Маалыматка караганда, министрликте Сахалин облусунда Сахалин облусунун укук коргоо органдары тарабынан 2002-жылы туулган КР жараны А.Н.нын кармалганы тууралуу маалымат бар. Ал РФ Кылмыш-жаза кодексинин “Автомобиль, трамвай же башка механикалык транспорт каражатын башкарган адамдын, жол кыймылынын же транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу, байкабастыктан адамдын ден соолугуна оор залал келтирген” деген беренеси менен кармалган.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Түштүк-Сахалин шаарындагы кеңсеси Россиянын укук коргоо органдарына керектүү маалымкаттарды берди.

Кармалган жарандын жакындары менен жолугушуу болуп, консулдук-укуктук жардам көрсөтүлгөн. Учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Белгиленгендей, бул маселе министрликтин көзөмөлүндө.

Связанный пост