Кыргызстан менен Грузиянын ортосунда түз аба каттамын ачуу маселеси талкууланды

 Кыргызстан менен Грузиянын ортосунда түз аба каттамын ачуу маселеси талкууланды

18-сентябрда Тбилиси шаарында Кыргызстандын элчиси Максат Мамытканов Грузиянын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык протокол директораттын директору Зураб Дарчиашвилиге ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, андан кийин элчи Мамытканов Грузиянын тышкы иштер министри Мака Бочоришвили менен жолугушту.

Тараптар эки тараптуу кызматташтык маселелерин, анын ичинде жогорку жана эң жогору деңгээлдеги визиттерди уюштурууну, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташууну өнүктүрүү келечегин талкуулашты.

Мындан тышкары, элчи Мамытканов Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Хвтсиашвили жана Грузиянын Улуттук туризм администрациясынын биринчи орун басары Тамуна Кориаули менен да жолугушту.

Жолугушууларда эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана эки өлкө ортосунда түз аба каттамын ачуу маселелери каралды.

Связанный пост