Кыргызстан менен БУУнун кызматташтыгынын жалпы маселелери талкууланды

 Кыргызстан менен БУУнун кызматташтыгынын жалпы маселелери талкууланды

11-августта КР тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова БУУнун Кыргызстандагы жаңы дайындалган туруктуу координатору Кристин Антье Граве жана БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен менен жолугушту.

Ведомстводон билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР менен БУУнун ортосундагы кызматташуунун жалпы маселелерин талкуулашты.

Министрдин орун басары Кемелова кыргыз тарап тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жана тоо экосистемаларын сактоо боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Тактап айтканда, ал 2023-2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүү иш-аракеттеринин беш жылдыгын жарыялоо демилгесин илгерилетүү сыяктуу жаңы демилгелерди илгерилетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ушуга байланыштуу ал 2022-жылдын сентябрында БУУнун башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында аталган демилгелерди колдоо боюнча өлкө жетекчилигинин катышуусунда ар кандай иш-чаралар өткөрүлөрүн билдирди.

БУУнун туруктуу координатору Кристин Антье Граве эл аралык күн тартибинин алкагында тоо маселелерин илгерилетүү боюнча КР ишмердүүлүгүн оң баалады жана жогоруда аталган демилгелерди ишке ашырууда БУУ Кыргызстанга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде БУУӨПтүн өкүлү Луиз Чемберлен да 2023-2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүү иш-аракеттеринин беш жылдыгы кабыл алынгандан кийин аны жүзөгө ашырууда Кыргызстанга колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Связанный пост