Кыргызстан менен Беларустун туризм жана спорт жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

 Кыргызстан менен Беларустун туризм жана спорт жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун спорт жана туризм министри Сергей Ковальчук менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

 

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Беларустун туризм жана спорт жаатындагы кызматташтыгы, анын ичинде эки тараптуу келишимдерди актуалдаштыруу, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү, тажрыйба жана маалымат алмашуу аркылуу активдештирүүнүн жолдору талкууланды.

 

Эрбол Султанбаев Кыргызстандын туристтик потенциалы, өлкөдө спорт жана дене тарбия чөйрөлөрүн өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

 

Тараптар бул багыттар боюнча конструктивдүү кызматташтыкты кеңейтүүгө өз ара даярдыгын жана кызыкдар экенин билдиришти.

Связанный пост