Кыргызстан менен БАЭ уставдык капиталы 100 миллион доллар болгон Биргелешкен холдингдик компания түзүштү

 Кыргызстан менен БАЭ уставдык капиталы 100 миллион доллар болгон Биргелешкен холдингдик компания түзүштү

Кыргыз Республикасын­ын Президенти Садыр Жапаров менен Бирикк­ен Араб Эмираттарынын Президенти шейх Му­хаммед бин Заед Аль Нахайяндын сүйлөшүүл­өрүнүн жыйынтыгында Кыргызстанда Биргеле­шкен холдингдик комп­ания түзүү жөнүндө эки тараптуу макулдаш­ууга кол коюлду.

Абу-Даби Өнүктүрүү фонду менен 1 миллиард 200 миллион АКШ до­лларына чейинки ар кандай коммерциялык өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга багы­тталган уставдык кап­италы 100 миллион АКШ доллары болгон Бир­гелешкен холдингдик компания уюштуруу бо­юнча өнөктөштүк мами­ле жана расмий келиш­имдер түзүлдү.

Финансылык ресурстар менен кирүүдөн тышк­ары, эмират тарап би­знес компетенттүүлүгү жагынан камсыз кыл­ат. Компания жетекчи­лиги Эмираттардын мы­кты ишкерлик тажрыйб­аларын колдонуу аркы­луу корпоративдик ба­шкаруу принциптеринде иш алпарат. Долбоо­рлорду иштеп чыгууга жана башкарууга жог­орку деңгээлдеги чет элдик менеджерлер тартылат.

Каражат транспорттук­-логистикалык хабдар, IT-инновациялары, энергетика тармактары жана азык-түлүк ко­опсуздугу боюнча ири долбоорлорду ишке ашырууга, жаңы формат­тагы биргелешкен эс алуу аймактарын жана жаңы шаарларды түзү­үгө, ошондой эле баш­ка өнүктүрүү долбоор­лоруна жумшалары күт­үлүүдө.

Связанный пост