Кыргызстан менен АКШнын соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү талкууланды
Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капур менен жолугушту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде саясий диалогду бекемдөө, өз ара иш-чараларды уюштуруу жана өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Тараптар ошондой эле алдыдагы С5+1 саммитине көңүл бурушту.
Жолугушуунун аягында тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты андан ары бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө болгон берилгендигин тастыкташты.