Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун III форуму өттү
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун III форумуна катышып, сөз сүйлөдү.
Иш-чарага эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын жетекчилери, мамлекеттик органдардын, илимий жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Улан Маматканов өз сөзүндө билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтык Кыргызстан менен Өзбекстандын стратегиялык өнөктөштүгүнүн маанилүү бөлүгү экенин баса белгиледи. Ал мамлекеттердин өнүгүүсүндөгү негизги ресурс бүгүнкү күндө билим, инновация жана адам капиталы болуп саналаарын, ал эми университеттер илимий изилдөөлөрдүн, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоонун жана заманбап технологияларды өнүктүрүүнүн борборлору болушу керектигин белгиледи.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары ошондой эле академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү, биргелешкен билим берүү программаларын жана илимий долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө зарылчылыгына токтолду.