Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 430 млн доллардан ашты

 Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 430 млн доллардан ашты

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандын Өзбекстандын тышкы соодасындагы үлүшү 1,6 пайызды түзүп, эки өлкөнүн өз ара соода жүгүртүүсү 430,2 млн долларга жетти.

Өзбекстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, быйылкы жылдын алты айында өлкөнүн жалпы тышкы соода жүгүртүүсү 37 млрд долларга жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,1 пайызга көбөйгөн.

Өзбекстандын башкы соода өнөктөштөрү катары Кытай (17,7%), Россия (16,3%) жана Казакстан (6%) көрсөтүлдү. Кыргызстандын үлүшү — 1,6 пайыз.

Связанный пост