Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 5 айда $440 млн түздү

 Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 5 айда $440 млн түздү

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков “Кыргызстан — Өзбекстан: өнөр жай кооперациясы, инвестициялар жана соода” аттуу Кыргыз-Өзбек бизнес форумунда кызматташуунун келечектүү багыттарын атады.

Министрдин айтымында, ага оор өнөр жай, машина куруу, фармацевтика тармактары, ошондой эле транспорттук-логистикалык жана өнөр жай инфраструктурасын өнүктүрүү кирет.

“Биздин жалпы максатыбыз — салттуу соодадан терең өнөр жай кооперациясына өтүү, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана аймактык жана дүйнөлүк рыноктордо атаандаша ала турган заманбап өндүрүштөрдү түзүү”, — деп белгиледи министр.

Ошондой эле форумда өндүрүштү жергиликтештирүү, автокомпоненттерди биргелешип чыгаруу, заманбап технологиялар менен алмашуу жана ички рынокко жана экспортко багытталган өндүрүштүк чынжырларды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 440,8 млн АКШ долларын түзүп, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 33,3 пайызга өстү.

Импорт 336,5 млн АКШ долларына жетип, 1,7 эсеге көбөйдү. Экспорт 20,3 пайызга кыскарып, 104,3 млн АКШ долларын түздү.

Связанный пост